Ушу тапта “шайлоо” жана “ким президент болот?”- деген сөздөр артта калып, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнө карата жасалган иш-аракеттер коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Анткени, учур бийлиги таптакыр түшүнүксүз кадамдары менен калкты таӊгалдырып келет. Негедир шайлоо алдында “каралар” же “кылмыштуу топтор” да активдеше баштады. Айталы, атактууларынан “Жеӊго”, “Алтуха”, “Дөө Чыӊгыз” дегендердин эркиндик жытын искеши эмнеден кабар берет? Мындан беш-алты жыл мурун криминал менен күрөшүү, алардын ишмердүүлүгүн токтотуу шайлоо кампаниясында негизги лозунгга айланган. Ал тургай бийлик аларды койдой кылып айдап келип, камап койчу түр көрсөткөн. Жалындуу сөздөрдү жамгыр кыла жаадырып, жамы журттун кулагына “кесмедей” эле илип коюшкан. Бирок, бирок эмне болду?...

 

Ток этээрин айтканда, “Криминал менен күрөшөбүз”,- деп айтпай койбой, же айткандан кийин акырына чейин чыгара албай бийликтегилер убара. Мурунку шайлоо алдында элге жар салып, кайра колдорунан эч нерсе келбей отуруп калышы иштин ийне-жибине чейин ойлонулбай жасалгандыгын айтып турат. Криминал менен күрөшмөк түгүл өздөрү ушу тапта криминалдар менен байланыш кылып атканын бир топ факты аныктап турат. Ырасында, учур бийлиги өз кезегинде криминал бул тамырлашкан өзүнчө система болгондуктан аны менен күрөшүү абдан оорго тураарын билишсе да, жар салышты. Криминалдык чөйрө өлкөдө көрүнбөгөн бийлик болуп, анын башчылары ачык эле бийликке талап менен чыккандарын ошол эле Атамбаев унутуп калбаса керек. Ал тургай “Акаев 2005-жылы 24-мартта элден, же оппозициядан качпай эле, дал ушул кримдүйнөнүн авторитеттеринен качкан”- деген сөз айтылат. Ага мисал, 24-марттан кийин бийлигин ачык эле мыйзамдаштырууга өткөн кримчөйрөнүн иш-аракеттерин айтууга болот. Бийлик тырпырап, “Криминалды жоготобуз, анын тамырын кыркабыз!”- деген менен иштин жүрүшү башка өӊүткө бурулуп жаткандай. Тескерисинче, кримчөйрө “бийликти алабыз, бийликке келебиз”, “биз, андан кийин силер”-дегендей таасир калтырды. Ага мисал, 2010-2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго кримдердин аралашканы, партиялардын тизмесинде катталгандыгы ж.б.

 

Эгерде 2005-жылдан берки аракеттерди карасак, өлкөдө эл алданып шайлаган бийликтин эмес, кримчөйрөнүн гана таасири өсүп, алардын гана бийлиги иштеп жатканын ким танат? Алар мурдагыдай болуп өзүнүн чөйрөсүндө эмес, бийлик менен теӊтайлашып жатпайбы. 2005-жылда 24-мартта Жалал-Абадда 57 адамдын абактан чыгарылып кетиши, 2010-жылы Таласта 60 адам абактан бошонгону, СИЗОдогулардын массалык баш аламандыкка катышкандары эмнени каӊкуулайт?

 

Ооба, кезегинде криминал менен күрөштү жарыялоо зарыл. Бирок, аны сөз жүзүндө гана айтып койбой натыйжасы дагы болушу керек да. Бир мисал, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 7-апрелден кийин кылмыштуулук 50 пайызга өскөнүн жана ар кандай чыр-чатактын чордонунда кримчөйрөнүн өкүлдөрү турганын моюндаганы бар.

 

Ал эми азыркы президент Атамбаев бул ишти “криминалдар менен күрөшөм”- деп айтканы ошол эле жерде калды. Атамбаев ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнө техникалык жабдууга деп 4 миллион 750 миӊ сомду 2011–жылы эле өкмөттүн резервдик фондунан бөлдүрткөн. Президент: “Криминал менен катуу күрөшүүнү Грузиянын мисалында чечип койсо болот”,- деген. Эми Грузия менен Кыргызстанды салыштырып болбойт да. Биздин революциячыл бийлик өздөрүнүн аракеттерин грузиндерге салыштырып, бийлик куласа эле реформа өзү жүрүп калат дешет. Ал эми грузиндер короткон миллиарддар каяктан келгени менен иштери жок. Аларда бир багыттуу тышкы саясат жүрдү. Ошонун негизинде миллиарддар келди. Бизде болсо баягы эле куру сөз кала берди желге учуп. Акыры бул чөйрө менен күрөшүүдө бийлик алсыз экенин моюндагансып, “алар өздөрүнүн мыйзамы менен, биз өзүбүздүкү менен жашайлы”- деп чет өлкө менен келишим түзүп жаткансып сүйлөгөнгө да барды. Өзү өлкөнүн бакыйган президенти болгон бул адам кантип бир өлкөдө эки мыйзам менен жашоого болорун айтканын али түшүнө албай келебиз.

Ачык эле айталы, криминал менен мамиле күтүп өздөрүнө мыкты жөлөк таяк кылгандар бийликтин өзүндө отурат. Тилекке каршы, элге жар салынса дагы териштирилбей жатканы өкүндүрөт. Партиялардагы криминалдардын тизмеси, ишмердүүлүгү айтылды, ага дагы көз жумулду. Ак үйдү айтпайлы, спортсмендерден тартып, бизнеси барлардын бардыгы криминалдар менен мамиле түзөт. Алар менен эсеп-чотун жүргүзөт. Ал эми акыркы шайлоодо парламентке келгендер жана ошол парламентарийлер аркылуу кызматка келгендердин негизги массасы бизнесмендер. Парламентте отургандардын бизнеси жоктору саналуу гана. Демек, алар сөзсүз түрдө мурда кийин кримчөйрө менен кызматташып, байлыгын ар кимден коргоп жүргөн адамдар. Анда алар криминал менен күрөшүп, же күрөшкөнгө кантип жардам бермек эле?

 

Экинчи бир чоӊ маселе, криминал менен ким күрөшүп жатат? Бүгүнкү күндө “криминал менен күрөшүүдө кимдин жоопкерчилиги жогору, же көбүрөөк?”- деген суроо бар. ИИМ күрөш жарыяланган күндөн тартып, бир канча криминалдын колун артка кайрыганы менен сот аны акырына чыгарган жок. ИИМ кармап келгендерди сот жеӊил статьялар менен, же таптакыр эле күнөөсүн жокко чыгарып туруп кое берген фактылар болгонун ким тана алат? Так ошол криминалдарды бууп жаткан учурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев муну какшап эле айтып келген. Бирок, анын сөзүн башкалар иликтеген жок. Криминал менен күрөшүүдө ИИМдин кызматкерлеринин каны төгүлүп жатканын да айтты. Бирок, буга деле көз жумулду. Мындай фактылар пачкалап, папкелеп жатса да бийлик “Криминал менен күрөшүп, анын 200гө жакын мүчөсүн кармадык”- деп жар салып, мактана баштаганда соттор кайрадан аларды боштондукка чыгара баштады. Муну криминал менен бийликтин күрөшү деп айта алабызбы? Жок! Анткени азыр соттор бийликке чүлүктөнүп олтурат. Логика кайда?

 

Эӊ олуттуусун айталы,  “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар, кыз зордуктаган”- деген айыптар тагылып, учурда Нарын шаарындагы түрмөдө атайын абакта кармалып жаткан “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев так ушул бийликтин колу менен “оорусуна байланыштуу”- делинип, Орусияга атайын учак менен узатылганын кантип тана алат?

 

Биздин азыркы бийлик ээрге минбей жатып эле чылбырга жармашары менен алардын биринчи урааны “Коррупцияны жоюп, криминалды кынына киргизебиз”- дешкен. Арийне, ал айткандары бош челектин калдырагына айланып, күн эмес саат сайын унутулганы аз келгенсип, өздөрү катарларын алар менен толуктап жатат. Ал эми “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевди азыркы ИИМ, УКМК башчылары канчалык жан алакетке түшүп, “атайын опперация менен барып Дубай шаарынан кармап келдик”- дешпесин жалгандары ошол замат чыгып, Камчы Көлбаев ал жактан атайын өзү келип “Мен актыгымды далилдейм, эч кандай кылмышка тиешем жок”- деген кебин айтып акталып кеткеничи?

 

Аныгында, айрым маалыматтарга караганда Камчы Көлбаевди азыркы бийликтегилер атайын сүйлөшүү жолу менен алып келип, саясаттагы “Телибай тентектердин” тизгинин тарттырып, тизеге чаптыруу үчүн чакыргандары айтылып келет. Балким, ошол өӊүттөн болсо керек, Орус бийлик башчылары, дүйнөлүк серепчилер “Кыргызстан жарым криминалдашкан өлкө” деген сынынан танышпайт. Акаев бийлиги убагында сыртынан зымпыйганы менен ичинен бүтпөгөн иштерин криминал аркылуу бүтүрүп келишкенин ыраматылык кримавторитет, айтылуу Рыспек Акматбаев ачык эле өзү айтып чыкпады беле. Бакиев бийлиги толук эле криминалдашып кеткени жалпыга маалым. Ал тургай анын азабынан бир канча мыкты азаматтар жапа чегип калышкан. Сыягы, алма сабагынан алыс түшпөгөндөй эле бул бийлик да, “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” болуп, криминалдык элементтердин кызматына куштар болуп жатышат. Канчалык “Криминал менен күрөшүп жатабыз”- дешпесин, алардын таасир талашуусу күчөп, булардын учурунда да бири-бири менен атышкан кездер эстен чыктыбы? Мисалы, Жалал-Абад шаарынын “смотрящийи”  Боханы өз үйүнүн астында атып кетишсе, Кара-Балта шаарынын “кароочусун” чаламандын чак түшүндө өлтүрүштү. Бул эмнени айтат? Бул деген биздеги кылмыш дүйнөсү дале өз күчүнө кирип, бийликти тоотпой жатканынан кабар берет.

 

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова ММКларга берген бир маегинде “Кыргызстанда кылмыштуу топ 2005-жылдан баштап бийлик менен тамырлашып алган. Муну түп тамырынан сууруп чыгаруу мүмкүн эмес. Анткени, бүгүнкү күндө бийлик башында айрым кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кызматта олтурат. Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштү талаадан эмес, өз жандарынан тазалап анан коомчулукка баш багыш керек. Тилекке каршы, азыр бийликке кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү түздөн-түз таасирлерин тийгизип жатат. Ага каршы күрөш жүргүзүү да олуттуу жыйынтык берген жери жок. Биздин бийликтегилер “баланча камалды, түкүнчөгө издөө жарыяланды”- деп коюшкандары бул жөн гана бийликтин эл алдындагы кезектеги отчету”,- деп таасын баасын берген. Бул жөн эле көчөдөгү адамдын сөзү эмес.

 

Ал эми азыркы кырдаалга келе турган болсок бийлик негедир бул шайлоодо да “караларды” түздөн-түз колдонгусу келип атканын жинди киши деле сезип турбайбы. Маселен, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” каймана ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап, аны актаган өкүм чыгарды. Милициянын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган, мурда жети жолу соттолгон А.Ибраимов уюшулган кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү жана криминалдык “смотрящий” деген статусу бар. Криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү. Алтуханын атагы кылмыш дүйнөсүндө абдан эле орчундуу экенин жана алдыда шайлоо турганын эске алганда эмнеге экөөнү байланыштырууга болбойт.

 

Бул эле дейсиӊерби? Мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталган. 2013-жылдын январь айында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында ИИМдин Уюушкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймак бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев өлтүрүлгөн. Шоноевдин өлүмүнө так ушул “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов шектелип, кармалган болуучу. Досонов милиция кызматкерин өлтүрүүгө, кылмыштуу топ түзүүгө жана башка беренелер боюнча айыпталган. Кызыгы, буга чейин соттор Досоновдун жетектөөсү менен ушул кылмышка барган деп айыпталган кишилерди өмүр бою эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялаган. Ошол эле учурда Сайдиев, А.Аскарбек уулу, Жапарбаев жана Молдошев 20 жылга эркинен ажыратылып, мүлктөрү алынган. Ал эми С.Айтбай уулу, Таджибаев жана Эсенов 10 жылга кесилип, мүлктөрү конфискацияланган. Бирок, негедир алардын башчысы делген “Женго” сүттөн ак боло чыга келгени эмнени каӊкуулайт?

 

Ал ортодо дагы бир кримөкүл, Камчы Көлбаевдин оӊ колу делинип жүргөн “Дөө Чыӊгыз” каймана аты бар Чыӊгыз Жумагулов жакында камактан чыгаары айтылууда. Анын да акталуу негиздери абдан бүдөмүк. Ооба, бул фактыларды коомчулук бийликтин шайлоого карата даярдыгы катары кабылдоодо жана социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратууда. Бирок, бийлик коомчулуктун мындай талкуусун, пикирин уруп да ойногон жок да. Тескерисинче алдыдагы шайлоодо жүүнү бош, калк арасында кадыры дээрлик жок талапкерин “каралар” дүйнөсү аркылуу тактыга алып келүү жолун тандагандыгын танып кетээр. Бирок, эртеӊ өз максаттарына жеткен соӊ кримчөйрө так ошол болбураган, жүүнү бош адамга моюнтурук салып туруп, мамлекетти кримаралга айлантпайт деп ким кепилдик бере алат? Жок, эч ким бере албайт. Анткени каралар дүйнөсү эч качан эки сүйлөбөйт жана алданбайт. Андыктан, шайлоо күнү ар кимибиз эртеӊки келечек үчүн ойлонуубуз абзел. Өз элине кадыры болбогон бийликти ким болсун тепсеп кете берет. Ал эми Кыргызстанды ар кимдин тепсендисине айлантпаш үчүн, өзгөчө кылмышкерлер өлкөсүнө айлантпаш үчүн ар бирибиз күрөшүүбүз керек. Анткени, азыркы бийликке ишеним алар “каралар” менен алакага бара баштаганда эле өлгөндүгүн ар бирибиз билип турабыз.

 

Тема боюнча собол...

 

- Ушул тапта кримдүйнөнүн олуттуу өкүлдөрү биринин артынан бири акталып жатат. Бул шайлоо учурунда бийлик криминалды да колдонот дегендик эмеспи?

 

Семетей Талас уулу, журналист:

 

 

 

 

- Албетте болушу толук мүмкүн. Аныгында айрым баш береген талапкерлерди, айрым таасири күчөп бара жаткандарды шайлоо учурунда коркутуу, сындыруу үчүн мындай күчтөрдү баары эле баардык учурда колдонуп келишкен. Мисалы, “Женго” Алмамбет Анапияевдин ордуна келди да. Демек бул жерде абдан чоӊ таасир бар. Бийлик өз максатына жетүү үчүн мындай өтө одоно кадамга барбашы керек эле. Бирок, ошол эле маалда караларга башка да талапкерлер муктаж болуп, алардын күчүн колдонуп жатканы да жалган эмес. Өкүнүчтүүсү мамлекеттин мыйзамы туруп, башчы, жетекчилери туруп кримчөйрөнүн кызматына күнү түшүп калганында. Булар эртеӊки тагдырды, келечекти, коопсуз мамлекетти ойлонушса буга барбайт эле…

 

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

 

 

 

- Бул суроого кыскача эле жообум бар. Ток этээрин айтканда ушу күндөрү менде да, элде так ушундай күмөн ойлор бар. Эми калганын мезгил өзү көрсөтөөр.

 

Нурболот Кожобергенов, мугалим:

 

 

- Батукаев кандай жол менен чыкканын, бийлик тараптан килем төшөлүп узатылганын жаш балдар деле лакап кылып айтып жүрүшпөйбү. Азыркы бийликтен, айрыкча Атамбаевден күтсө болот. Криминал менен коюн-колтук алышып алганы шексиз. Азыр өзүмдү-өзүм билемге өтүп албадыбы. Бирок, эл арасында билинбеген, курчуп келе жаткан кандайдыр бир деңгээлде наалат-нааразычылык бар. Ооба, криминалды сөзсүз пайдаланат. Өзү деле бийликке криминалдардын күчү аркылуу келгенин айтып эле жатышпайбы. Болбосо эмнеге так шайлоо алдында кримчөйрөдө таасири барларды эркиндикке коё берет эле.

 

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты:

 

 

 

- Соттору жүрүп атат, чечимдерди күтө туралы. Бирок жарыктагы саясат менен көмүскөдөгү саясатты аралаштырып, женишке жетем дегендер, эч качан элдин ишенимин актай албайт жана ишенимине ээ болбойт.Илгертен кыргызда койду койчу, уйду уйчу, жылкыны жылкычы бакчу. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн колубуздан келген нерсеге аракет жазасак жакшы болот эле.

 

 

Кайрат Эмиров, Булак: "Майдан. kg" гезити