Президент Атамбаевге 20 күн мурда Ош шаарынын тогуз жаштагы тургуну Элнура кат жазган. Анда ал президенттен аквариум балыктарын белекке берүүсүн суранган.

 

Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

 

«13-август кызымдын туулган күнү. Анын кыялы – балык аквариумун алуу эле. Президентке кат жазган экен, бүгүн мэр Айтмамат Кадырбаев президенттин атынан белекти алып келип берди. Кызым кыялы орундалганына абдан кубанды», - деген кыздын апасы.