Кыргызстандын Благовеңенка айылынын тургуну 28 жаштагы жарандын никедеги жигитинен таяк жеп, сотко кайрылган. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сот 2017-жылдын март айында кызуу абалында келип, сүйлөшкөн кызын катуу сабап салганы үчүн абакка камоо чечимин чыгарган.
Бирок, кыз жигитин кечирип, соттон чечимди өзгөртүп, абак мөөнөтүн шарттуу жазага алмаштырууну суранган. Анткен менен жабырлануучунун ден соолугуна олуттуу зыян келгендиктен, сот баштапкы чечимди өзгөртүүсүз калтырды.
Чечимге ылайык, кыргызстандык жаран түзөтүү колониясында үч жыл жаза мөөнөтүн өтөйт.