Текебаевдин  мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуусуна жаралган тоскоолдуктар айрым тараптарды башпрокуратурага кайрылууга аргасыз кылды.

 

 «Прецедент» өнөктөштөр тобу Башкы прокуратурага арыз жазышты. Анда абактагы саясатчы Текебаевди шайлоо укугуна тоскоолдук жаратып, мамлекеттик тил боюнча сынакка катыштырбай аткан БШКга нааразы болушкан.

 

Эске салсак, Текебаев сынакты 26-июлда тапшыра алмак, бирок, Биринчи май райондук сот аны сынакка барууга уруксат берүүдөн баш тарткан. Эгер, шайлоо мыйзамындагы «ар бир адам шайланууга жана шайлоого укуктуу» деген эреже аткарылбаса, Текебаев талапкер болуудан калат.