Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылы тапкан кирешесин ачыктады.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

 

Башпрокурордун декларациясында ал өткөн жылы андан мурунку жылдарга караганда көп суммадагы каражат тапканы анык болгон. 2016-жылы ал 864,1 миң сом киреше тапса, 2015-жылдагы кирешеси боюнча толтурган декларациясында жылдык кирешеси 478,8 миң сом экени көрсөтүлгөн.

 

 Менчигинде 34 чарчы метрлик батир жана 28,9 чарчы метр аянттагы үйү бар.

 

Индира Жолдубаева Башкы прокуратуранын башчылыгына 2015-жылдын январында келгенин эске алсак, кызматтын кыныгын ала баштаганбы деген суроо жаралат.