Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев соттон Садыр Жапаровду актоону суранды. Ал Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына кайрылуу жолдоду.

 

Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен «кылмышка катышуу» жана «адамды туткунга алуу» беренелери менен айыпталып, 11 жарым жыл жаза мөөнөтүн алганына кайрылган.

 

Ошондой эле Каптагаевди туткунга алган деп айыпталып камакта жаткан журналист Кенжебек Жумабаевдин иши боюнча кабыл алынган сот чечимин да жокко чыгарууну суранган. Андан тышкары так ушул иш боюнча айыпталган башка жарандардын да ишин кайрадан иликтөөгө жиберүүнү өтүнгөн.

 

«Мен Жапаровдун саясий каршылашы болгом, азыр деле аны актабайм. Мага каршы уюштурулган иштин күнөөкөрлөрү жазаларын алышты. А бирок, Садыр Жапаровдун күнөөсүнө далил табылбады», - деп жазган Каптагаев.