Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматта айтылгандай, жарандык активист Мавлян Аскарбековго ушул жылдын 20-июлунда кылмыш иши козголгон.

 

Ага активисттин коомчулукка жарыялаган айрым пикирлери себеп болгон.

 

Кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн 10-августта активист сурак бермек, бирок, айрым себептерге байланыштуу сурак 14-августка жылдырылганын Аскербеков өзү билдирди.