Ош шаарынын Дача участкасында 2 жылдан бери бир үй-бүлө жалданма жумушчу катары иштеп келет. Аларды Сьездбек Жакыпов деген жаран турак-жай менен камсыздап, мал-жандыктарын каратат экен. Бирок аткарган жумуштарына бир жолу да эмек акы төлөбөптүр. Болгону аларга күнүмдүк тамак-аш жеткирилип турат экен. Мындан улам Базарбаевалардын үй-бүлөсү Сьездбек Жакыповдун үйүнөн кетип, башка жумуш тапсак дешүүдө. Деген менен Жакыпов алардын документтерин, болгон акчаларын алып бербей жатыптыр. Бул боюнча милиция териштирүү ишин баштады.
Кызжибек деп өзүн тааныштырган кыз 25 жашта. Ал Ош шаарынын тургуну Сьездбек Жакыповдун колунда жашап, айткан жумуштарын аткарып иштейт. Көбүнчө үй-жандыктарын кароо менен алек. Ал 2 жыл мурун эжесинин үйүндө жүргөн убакта Жакыповдор бизде иш бар, эмгек акыңы төлөп берип турабыз деп алып келишкен. Ошол убакыттан бери ушул турак-жайда өзү жалгыз жашап, иштеп келген.
2015-жылы Кызжибек менен кошо Жумабек деген агасы дагы Сьездбек Жакыповдордун колунда иштөөгө келет. Ал негизинен устачылык кылып, тоодо чөп оруу менен алек болот. Ошол жылы эле Жакыповдор Жумабекке тааныштарынын кызын таап, үйлөндүрүптүр. Тойду ашыкча чыгымсыз өткөрүп бергенин айтты.
Тилеке каршы ал жубайы менен бир жылдай жашап, ажырашып кетиштиптир. Буга биздин үйүбүз жоктугу, акчадан кыйналышыбыз себеп болду дейт. Быйыл болсо Жумабектин апасы, агасы издеп келишип, азыр Жакыповдордун колунда баары иштешет. Негизи Жумабек, Кызжибек, Улукбектер бир тууган. А апасы Каниет Базарбаеванын дагы туруктуу жумушу жок. Айтымдарында атасы ичкилике берилгендиктен таштап кетишкен. Ошондуктан булардын жашоого турак-жайы дагы жок. Жокчулуктун айынан 3 бир тууган билим алган эмес. Мындан улам азыр тамга тааныбай, тааныса да окуй алышпай турганын айтышат. Бирок эсеп-кысапты бир аз эптешет.
Бир туугандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок экен. Апасы Каниет эже үчөөн тең үйүндө төрөп, өзү эптеп чоңойткон экен. Бирок азыр булардын ойлонгону документ алууда эмес. Жакыповдордун үйүнөн кетип, башка жумуш тапсак дешет. Анткени Жакыпов тыным бербей, оор жумуштарда иштетип, бир да жолу эмгек акы бербептир. Тескерисинче берген тамак-аштарды да карыз катары эсептейт экен. “Жумбаектин тоюна 150 миң сомдой кетти, аны тез арада кутулгула”,-деп төлөөгө милдеттендирди”,-дейт апасы Каниет Базарбаева.
Сьездбек Жакыпов Базарбаевалардын нааразы болуп жатканына түшүнбөй турат. Себеби ал бул үй-бүлөгө чын ниеттен жардам болсун деп, баш паанек менен камсыздаган экен. Ал эми кара жумуштарды аткартат дегендери жалган деп айтууда. Болгону мал-жандыктарды кароого жардам берип турушпаса, башка иш деле жок болчу дейт. Тескерисинче аларга паспорт алууга чуркап жүрөгөнүн Сьездбек Жакыпов билдирет.
Учурда бир туугандар карыз делген 150 миң сомдай акчаны акырындап төлөп жатышыптыр: карыз үйдөгү жумуштарды аткаргандын эсебинен кыскартылууда. Бир жылдын ичинде 10 миң сом гана акчасы кемитилген. “Карызды төлөп бүткөндөн кийин үйдөн чыгып кете беришсе болот. Мен буларды мажбурлап алып отурган жокмун”,-дейт Жакыпов.
Эки тараптын келишпестиги боюнча кабар Акыйткачынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө чейин жетти. Адистер Базарбаевалардын жашоосун жеринен көрүп, арыз жаздырып алышканын КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Назаридин Бакиров билдирди.
Бир туугандарды үйүндө жашатып келген адамдын тууганы милицияда иштейт, ал Базарбаеваларды качып кетпеш үчүн опуза кылат деген сөздөр айтылган. Акыйкатчы институтундагылар бул боюнча милицияга эле эмес, шаардык прократурага да билдиришээрин айтышты. Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын адистери Сьездбек Жакыповдун милицияда иштеген туугандары жоктугун аныкташты. Бул боюнча иликтөөнү облустук милиция биринчи кабыл алган эле. Эми алардын маселесин иликтөөнү шаардык милицияга өткөрүп беришти. Эми иликтөөнүн жыйынтыктары, бир туугандардын мындан аркы жашоосу тууралуу окуянын өнүгүшүнө биз да көз салып турабыз.
ca-irnews.com