“Майдан.kg”:  Барсбек Кагандын айкелине “кол салуу” кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй  мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналабы? Оштун ушу таптагы мэри Айтмамат акенин дагы кандай “демилгелери” элди жийиркентип жатат?

 

 

 

Каныбек Темиров : Калың элге ар бир адам тилин, тарыхын, ата-бабаларын билүүгө акылуу экенин, бул үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин айткан өлкө башчынын сөзүн аттап өтүп, элдин пикири менен эсептешпеген Айтмамат Кадырбаев кызматынан аша чаап, улуу тарыхыбызды бүлдүргүсү келип жатканын  бир эмес, бир нече жолу ишарат кылды.

 

“Барсбек Кагандын айкелин Кыргызстанга гана эмес, алыскы Алтайга чейин орнотуу керек”_ деп Атамбаев элибиздин тарыхын дүйнөгү жайылтууга аракет жасап жатса, Кадырбаев  Оштогу эстелигин “алып салуу керек” деди, муну кандай түшүнсө болот?

 

Барсбек Кагандын эстелигин жылдыруу тарыхты унутуу, тарыхты сыйлабастык болуп саналат. Эстеликке тийишүү бул ата-бабаларынын арбагын сыйлабай, аларга карата кыянаттык кылуу.

 

Бул эстелик байыркы менен азыркыны айкалыштырып турат. Барсбек Кагандын айкели тыгын жаратып жатат деген бул маселени чечүүнүн башка жолун көрө албаган караңгычылык, улутун унуткан маңкуртчулук. Эң негизгиси өлкө башчысы өзү демилгелеген идеяларды колдобогон кол алдындагы кызматкерлерин токтоосуз кызматтан алуу керек деп эсептейм. Барсбек Кагандын эстелегин алуу эмес, бул идеяны көтөрүп чыгуунун өзү улутка кылган чыккынчылык!