“Майдан.kg”: Барсбек Кагандын айкелине “кол салуу” кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналабы? Оштун ушу таптагы мэри Айтмамат акенин дагы кандай “демилгелери” элди жийиркентип жатат?
Жыргалбек Касаболотов : Күйөсүң да күйөсүң… Эстелик эң туура жерге коюлган. Төрт жолдун тоомунда, шаарга келген коноктордун көз алдында. Жалпысынан шаардын келбетин да, идеологиялык символикасын да оңдоо жагынан Мелис Мырзакматовчолук эч ким иш алып барган жок.
Оштун мурунку кебетесин да көрүп жүргөнбүз. Кыргызстанда жүрбөй эле кошуна мамлекетке кирип кеткендей абалда калчу элек… Же калппы? Эми ошонун баарын оңдоп, Ош кыргыздын шаары экенин баса белгилеп койгондон кийин чоңдор дагы эмнени чыгарып атышат?
Бүтүн нерсени бүлдүргөндөн башканы билбей калышты го. Саясатта кармаган позицияны кайра бошотконго болбойт. Коңулга кирип жаткан күчтөр эртең эмес бүгүн эле баш көтөрөт.
Ансыз деле кылтылдама ойнотуп Кадыржандын бир аз күүсүн башкачараак чалып Мирзиеевге кат жаза башташыптыр го?
Эстеликти алып койгондон жол кеңейип да калбайт, кеп ушунда. Айлампага эстелик курулбайт десек анда Оштогу аэропорттон келаткан Манастын эстелигин да алдыргыңар барбы?..
Ал да айлампага курулган да. Барсбектин эстелигин алып салса эле тыгын азайып калабы? Азайбайт. Ичиндегисин алып салгандын ордуна тышына кеңейтиш керек да. Болбосо Барсбек кагандын эстелигин алып салам деген мэрдин өзүн алып салыш керек. Ким экенине карабастан!