Абактагы Өмүрбек Текебаевдин жакындары жана партиялаштары ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу «атамекенчи» Асия Сасыкбаева билдирди.
Айтымында, Текебаевдин иниси жана жээни ачкачылык жарыялашкан. Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын бир катар мүчөлөрү да ачкачылык кармашууда.
Ал эми Асия Сасыкбаеванын аларга кошулууга азырынча ниети жок.
Ачкачылык кармоонун максаты Сасыкбаеванын айтымында, Текебаевдин иши боюнча соттогу акыйкатсыздыкты токтотуу.
«Кыргызстанда саясий себеп менен камакка алынгандар куугунга кабылышат, а демократиялык өлкөлөрдө куугунтук болушу мүмкүн эмес», - дейт Сасыкбаева.