Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, 2017-жылы 27-июлда Алматы облусунун Панфилов районундагы Шолакай айлында жүгөөрү таласында авиахимиялык иштерди аткарып жүргөн Як-12 учагы кулап түшүп күйүп кеткен. Борттогу эки киши тең курман болду.

 

Кырсыктын чоо-жайы аныктала элек. Казакстандын жарандык авиациясы тергөө иштеринин башталганын маалымдады.

 

Як-12 көп максаттуу транспорттук учак болуп эсептелет.