Бишкектин Октябрь райондук соту “Йакын Инкар” диний агымын “экстремисттик” деп тапты. Жогорку соттун билдиришинче, мындай чечимге Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Мындан ары Кыргызстанда элге диний үгүт-насаат ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жана Ички иштер министрлигинен уруксат алуу талап кылынат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин программасында каралып, муфтият да аны менен макул экендигин айткан. Бирок аталган топтун өкүлдөрү ага баш ийбестен, эч кандай уруксаты жок эле эл аралап, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен. Буга чейин бир канча жолу эскертүү алган “Йакын инкарчылар” аларды аткарбаганына байланыштуу Башкы прокуратура аталган агымды “экстремисттик” деп табуу боюнча сотко кайрылган. “Йакын Инкар” агымынын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууда Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттик тобу да иш алып барган. Бир канча тармактык иликтөөнүн жыйынтыгы аталган топтун коомго терс таасир этери аныкталган. Аталган уюмдун мүчөлөрү мыйзамсыз аракеттери үчүн бир канча ирет эскертүү алып, айып пул төлөөгө милдеттендирилип да келген. Жашоо турмушун Мухаммед пайгамбар жашаган доордогудай кылгылары келип, технологиялык каражаттарды колдонбой, жада калса эскиче тамдарда жашагандары да болот.
“Майдан-пресс”, Булак: «Майдан.kg» гезити