Анын бирөө окуя болгон жерде жан берди, экинчиси ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты “Тез жардам” кызматы “Азаттык” радиосуна ырастады. Кырсык тууралуу кенен маалымат айтылган жок.


Социалдык тармактын колдонуучулары окуя Түштүк магистрал менен Садырбаев (мурдагы Баха – авт.) көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун жана жумушчулар коопсуздук чаралары сакталбаган шартта иштеп жатышканын жазышты.