Полициянын кабарлашынча, үчөөнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. 20-23 жаштардагы дагы үч жигит ооруканага жеткирилип, операция жасалды.

 

Дарыгерлер алардын биринин абалы “оор” экенин билдирүүдө.

 

Атышууда бир нече киши өлгөнү айтылууда. Бирок бул маалыматты Мангистау облусунун ички иштер департаменти тастыктап же четке каккан жок.

 

Учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.