Акыр замандын белгисиби же чыныгы ислам жолуна түшүп баратабызбы, айтор Конституцияда “светтик мамлекет” деп жарыяланган Кыргызстан күндөн-күнгө диндешип, мугалимдерден молдокелердин, галстукчан интеллигенттерден сакалчан таксырлардын саны көбөйүп баратат. Ал эми карапайым калк мамлекеттик чиновниктердин эмес, молдокелер менен дин аалымдарынын айткан-дегенин мыйзам катары кабыл алышууда. Алардын анабашчысы болгон Чубак ажынын сөзүн миллиондогон мусулмандар тыңшап угуп, көрсөткөн жолу... менен баратат. Ушул жумада айтылуу дин аалымынын бир жыл мурда “Түркиядагы төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар”- деп айыпталган Фетхуллах Гүлен менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды. Бирок эки дин аалымы качан, каерде бул сүрөткө түшүшкөндүгү тууралуу маалымат айтылган эмес. Түркия мамлекетти Ф.Гүленди эбак эле сыртынан мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга айыптуу деп таап, сот жообуна тарткан менен АКШ аны бербей келет. Баса, мындан бир аз мурда Чубак ажы Ф.Гүленди жактап, коргоп билдирүү тараткандыгы белгилүү. Анда боордош мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан төңкөрүшчү аталган адамдын бизде коргоочулары, “ишин улантуучулары” чыгып жатышын кандай түшүнсө болот?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити