Куттубек Бешбаков президенттикке өзүн өзү көрсөтүп, БШКга документтерин бүгүн тапшырган. Бирок, БШКнын билдиргенине караганда, анын документтери кабыл алынбайт. Анткени, Конституциянын 62 –беренесине – президенттикке жашы 35 жаштан ашкан жаран гана талапкер боло алат деген нормага туура келбейт.
Куттубек Бешбаков 35 жашка чыга элек. Ал ошондой эле алдамчылыкка шектелгенин да маалымат каражаттары жазып чыгышкан.