«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Бул сапар Текебаевдин мурдагы жеке жансакчысы Нурбек Абдрахманов көрсөтмө берди.

 

Анын айтымында, Текебаев менен орус ишкери Леонид  Маевский чындап эле жолугушкан. Бирок, айтылып жүргөндөй 2010-жылдын май айында эмес, август айында «Супарадан» кезигишкен. Аларды маркум Талант Маматкеримов жолуктурган.

 

Андан ары күбө Маевский Текебаевге аны орустун бир катар таасирдүү саясатчылары, анын ичинде «Справедливая Россия» партиясынын жетекчилиги менен тааныштырмак болгонун белгиледи.

 

«Сентябрда биз Москвага учуп бармай болдук. Бирок, Леонид Маевскийдин офинде болгон жокпуз», - деди күбө.

 

Анын көрсөтмөсү Маевскийдин катчысы Наталья Самсонкинанын көрсөтмөсүнө дал келет. Катчы мындан мурда 2010-жылдын июль айынан сентябрь айына чейин Маевскийдин офисине келген Кыргызстандын делегаттарынын арасында Текебаев болгон  эмес.

 

Ал ошондой эле дагы бир күбө Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүн четке какты.

 

«Абдрахмановдун  шефтин кабинетине 2010-жылдын декабрь айында киргени чын. Бирок, анда Маевский жок болчу. Башка орус улутундагы адамдар отурушкан», - деди ал.

 

Айтымында, Маевский Атамбаев менен жолугушууга аракет жасаган.