Кытайдын Хунань провинциясында узакка созулган нөшөрдөн улам 80ден ашуун адам каза таап жана дайынсыз жоголду.
Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Анда жазылгандай, 28 адам жер көчкүнүн алдында калышкан, 13 адамды сел агызып кеткен, 22 адам имараттар кулаганда каза табышкан, дагы төрт адам чөгүп кетишкен, 16 адам башка себептерден улам жарык дүйнө менен коштошкон же дайынсыз жоголушкан.
22-июнда башталган нөшөр 12 миллион адамга жабыр келтирген. 1,6 миллион адам башка аймактарга көчүрүлгөн, 470 адам тез жардамга муктаж болууда.