Бүгүн Аида Салянованын соту уланып, анда күбөлөр суралды.

 

Нотариат жана адвокатура бөлөмүнүн жетекчиси Марипа Сейдалиеванын айтымында, Алексей Елисеевдин лицензиясын уланпай коюуга эч кандай негиз болбогон. Ал 2010-жылы лицензияны узартууга баш тартууга негиз болчу себеп көрбөгөн, ошондуктан узартылган.

 

 «Елисеев адвокаттык лицензияны алып аткан учурда издөөдө эмес, соттолбогон болчу. Ошондуктан, адвокаттык практика менен алектенүүгө толук укуктуу болчу.», - деди Марипа Сейдалиева.

 

Белгилешинче, ал бардык документтерди Адилет министринин андагы орун басары Жылдыз Мамбеталиевага берген жана анын  Аида Салянованы кийлигиштирбей эле бул ишти өзү бүткөргөнгө мүмкүнчүлүгү болгон.