- Курулуш үчүн Кадамжай шаардык мэриясы мамлекеттен 62 миллион сом каражатты ссуда сыңары алган. Ушул тапта курулуштун дээрлик 95 пайызы аяктады. Жаңы батирлерде жашоо үчүн бардык шарттар бар,  бир-эки жана үч бөлмөлүү батирлер 700 миң сомдон 1 миллион 200 миң сомго чейин бааланууда, - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев. – Батирлер адегенде 2011-жылкы жер титирөөдөн улам турак жайлары жараксыз абалга кептелген жарандарга сунушталат.  Эгер алар үйдү сатып алуудан таптакыр баш тартышса, ошондо гана башка жарандарга сатуу жагы  атайын комиссиянын кароосуна коюлат.

 

Кадамжай шаарындагы бул көп кабаттуу үйлөр үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пайдаланууга тапшырылаары күтүлүүдө. Буга улай аталган шаарда Кадамжай аймактык ооруканасынын  2-бөлүгүнүн курулушу дагы жүрүп жатат.  Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 3 кабаттуу, 150 орундуу имараттын жалпы сметалык баасы  78 миллион сом. Быйылкы жылга  40 миллион сом каражат каралып,  курулуш кызуу башталды. Учурда имараттын биринчи кабатынын курулушу дээрлик аяктады. Оорукананын бул  курулушу бүткөрүлсө, имаратка  балдар бөлүмү, төрөт бөлүмү жана гникология бөлүмү жайгаштырылат.

 

Эске сала кетчү жагдай: Кадамжай аймактык ооруканасынын негизги имаратынын биринчи бөлүгү өткөн жылдын декабрь айында аяктап, пайдаланууга тапшырылган эле.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз