Алар — Чеченстан ИИМинин «Север» батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаев, жергиликтүү тургундар Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев. Сот арачылары булар бир топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.


Сотто Дадаев менен бир тууган Губашевдер тергөө маалындагы күнөөнү мойундарына алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, анда кыйноолорго кабылгандыктарын билдиришти.

 

Коллегия жыйыны Москванын аймактык аскер сотунда өтүп, үч күнгө созулду.