Португалиянын атактуу футболисти Криштиану  Роналду эгиз балалуу болду. Бул тууралуу спорттук маалымат порталы жазып чыкты.

 

Мындан улам футболист Португалиянын курама командасы менен конфедерация Кубкасында таймашка катышпайт.

 

«Мен курама команданын оюнуна баш-отум менен берилип, эки баламдын жарык дүйнөгө келгенине карабай ойнодум. Тилекке каршы, биз алдыбызга койгон башкы максатыбызга жетпедик, бирок, португалиялыктарга кубаныч тартуулай беребиз деп ишенем. Мен балдарым менен көрүшөөрүмө кубанып турам», - деген футболист.

 

Португалиянын футбол Федерациясы Роналду жетекчиликке балдары жарыкка келгенин турнирге чейин эле айтып, бирок, курама команда менен калганын белгилеген.

 

Июнь айынын башталышында суррогаттык эне футболистке Матео жана Ева аттуу эгиз уул-кызды төрөп бергени кабарланган. Алты жаштагы биринчи уулу да суррогаттык энеден төрөлгөн.