«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соттук процессинде күбө Модин көрсөтмө берди.

 

Алексей Модин сот залында айыпталуучу менен эч убакта жолугушпаганын моюнуна алды.

 

Бул тууралуу айыпталуучунун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

 

 Айтымында, Модин эч убакта Текебаев менен кездешпегенин, ал турмак телефондон да сүйлөшпөгөнүн билдирген. Буга чейинки көрсөтмөлөрү Маевский жана Маматкеримовдун айткандарына таянып бергенин ачыктаган.

 

Ошондой эле Модин 300 миң долларды Маматкеримовго бергенин билдирген.

 

«Маевский 300 миң доллар 1 миллион доллардын эсебине кирээрин, Текебаевдин адамдары байланышка чыкканча кармай туруумду айтып мага берген», - деген Модин сот залында.

 

Эске салсак, Текебаев орус ишкерлери Леонид Маевский жана Алексей Модиндин көрсөтмөсүнүн негизинде козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган. Көрсөтмөдө Текебаев Талант Маматкеримов аркылуу 1 млн долларды ишкерлерден алганы белгиленген.