27-июнда Борбордук шайлоо комиссиясына дагы эки талапкерден арыз түштү.

 

Аталган мекемеден билдиришкендей, алардын бири атамекендик өндүрүшчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев болсо, экинчиси «Маро» латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов.

 

27июнга карата БШКга 7 талапкерден арыз түшкөн. Алардын алтоосу өзүн көрсөткөндөр, бирөөсү саясий партиянын талапкери.

 

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.