Ушул тапта дасыккан дарыгерлер райондун ар бир айыл аймактарына барышып, атуулдарды бир бирден кабыл алып жатышат.
- Күн сайын 200-300го жакын бейтаптар көрүнүп, Оштон барган дасыккан дарыгерлердин дыкаат көзөмөлүнөн өтүп жатышат. Мында социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жеңилдик иретинде баардык медициналык текшерүүлөр жана кызматтар акысыз жүргүзүлүп жатат, - деди Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Шайырбек Сулайманов.
Баса, мобилдүү клиникада лаборатория, УЗИ апараттары иштеп, өзгөчө аял кишилердин оорулары боюнча кайрылгандар кезектешип көрүнүп жатышат. Ден-соолук сакчыларынын саламатчылык кербени мындан ары облустун бардык райондоруна сапар улантмакчы.
Булак: «Майдан.kg» гезити