Ак-Талаа районун облусттук борбор гана эмес, жалпы эле сырткы дүйнө менен байланыштырган жалгыз көпүрө чөгүп кетип, кулап калуу коркунучу алдында тургандыгы маалымат каражаттарында чагылдырылган болчу. Бул сууга чөгүп бара жаткан чоң көпүрө жабылганын облустук ИИБдин кайгуул милиция бөлүмүнөн билдиришти. Буга чейин Соң-Көлгө алып барчу көпүрө 40-45 сантиметрге чейин сууга чөгүп кеткени айтылган. Ири жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилип, көпүрөдөн жөө адамдар гана өткөрүлүп келген. Эми Транспорт министрлигинин адистери, облустук администрация жана милициядан турган комиссиянын чечими менен көпүрө жабылып, эки жагына темир бетон тосмолор орнотулду. Аталган көпүрө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя, Тоголок Молдо, Жогорку Май айылдарын жана Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районун байланыштырып келген. Баса, бул көпүрө Союз учурунда курулуп, Эгемендүүлүк жылдары бир да оңдоо иштери жасалган эмес экен. Дагы жакшы, адам өмүрүнө зыян келтириле электе жабылып отурат. Демейде биздин бийлик качан гана бир кырсык болгондон кийин чара көрөт эмеспи. Эми бул аймактын жашоочулары сырткы дүйнө менен кантип байланышат болду экен?

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.