Түз эфирге чыккан Чубак ажы Жалиловго 35 жаштагы бир бойдок жигит телефон чалып жатат дейт:

 

- Урматтуу Чубак ажы, сизге берээр суроом белен. Мен бизнес менен алектенип келем. Оюм бар үйлөнөйүн деген, бутума тургандан кийин гана бекем. Бирок, кийин кеч болуп калбас бекен?

 

Ага Чубак ажынын жообу төмөнкүдөй:

 

- Эртерээк үйлөнүңүз. Кийинчерээк үйлөнсөңүз, өзүңүз бутуңузга турганыңыз менен башка жагыңыз турбай калышы мүмкүн...

 

“Улук сөздө уят жок” дегендей бир аз тултуйтуп бетти, сактап калбай келе түшкөн кепти, молдокебиздин айтканы эл арасында анекдот болуп кетти. Ал тургай, “Чубак ажы куудул экен, чукугандай сөз табат экен”- деген сөздөр тарап, баарыбызга жетти.

 

Тилекке каршы, ушундай сөзмөрүбүз бир күнү (9-июнь) “Үмүт” телеканалында Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” аттуу атактуу чыгармасын Чыңгыз Айтматов которгон деп “балп” эттирип салганда, шылкыя түштү башыбыз. Урматтуу ажы, эми “Кылым карытаар бир күн” романын же “Жамийла” повестин Алыкул Осмонов жазган деп “жаңылык” ачыңыз!

 

 

Орозбек Бөрүгулов, Булак: “Майдан. kg” гезити