Улуу ойчул, философ Махмуд Кашгари 1000 жыл илгери эле “калкта акмактар көбөйсө, акыл кетер”,- деген сөздү азыркы заманда жашап жаткан кыргыз инсандары үчүн таамай айткан экен. Азыркы учурда кыргыз журтунда акмактар аябай көбөйгөн учур десек жаңылбайбыз.

 

Ооба окурман, кыргыз журтунда акмактар көбөйүп, акыл кеткен учур.

 

Ошол себептен “Хан ордо -7 АТА” аталыгынын пайдубалы куралып, президенттик шайлоого талапкерди эл ичинен акылы жетишээрлик болгон, адамдык сапаты элдин мүнөзүнө шайкеш келген, чынчыл, айткан сөзүнөн кайтпаган эр азаматты алып чыгуу аракетинде.

 

Аталыктын үч эле сөзү бар:

 

- Атанын сөзүн уккула!

- Акылдуунун тилин алгыла!

- Көздүүнүн артынан ээрчигиле!

 

Ушул аталыктын сөздөрүн кыргыздар кайдыгер болбой, жерге таштабай, 20 жыл аралыгында добушуңду сатууда өлүп баратсаң да, бир жолу аталыктын сөзүн аткарсаң, келечекте урпактарыбыз талаада калбайт!

 

Үй-бүлөсү бар адамдын белгилүү жумушу - ай сайын алган айлык маянасы болбосо, ал талаада калды деп эсептесе болот. Талаада калган адам ит-кушка жем болушу же Баялиновдун чыгармасындагы каарман - Ажардын тагдырына тушугушу турган кеп.

 

Өзбек элинин экс-президенти, маркум И.Каримов: “ар бир райондун акими баланча жумуш ордун түзөт, түзө албаса жумуштан кетет”,- дегенин укканым бар. Кыргыз мамлекетинде райондун акими 2-3 орун басары менен статистикалык күмөндүү маалыматты чогултуу, шайлоого даяргерчилик менен алек. Азыр элдин жашоосун ойлогон ким бар?

 

КР 1993-жылкы Конституциясынын 1-ст. 3-п.: “Кыргыз Республикасынын эли –эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы”,- деп жазылган.

 

Ал эми КР 2016-ж. Конституциясынын 2-бер. 1-п.: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат”,- деп жазылган. Эл бийликтин булагы болуп качан жана кайсы убакта саналышына акыл калчабай келет. Арийне, Кыргыз Республикасынын эли азыркы учурда бийликтин булагы же туткасы эмес, шайлоочу эле болуп калды десек жаңылбайбыз. Анткени, бийликтин булагы же туткасы болуп “саясий партиялар” саналып калды. Саясий партиялардын лидерлери, мүчөлөрү ЖК депутаты болуп, элди кенебей калган чагы. Анткени жыйынга эч ким деле катышпайт. Керек болгон учурда 10-15 депутат кнопка басып, “кворум болду” деп элдин тагдырын чечкен мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Бул жагдайда ЖК спикеринен кийинчерээк эл жоопкерчиликти сураса керек. Эми мындан ары саясий партияларга мүчө болбогондорду элибиз “дем алчы, койчу, жылкычы” дегендей эле, “шайлоочу” деп атап калышты. Атың болсо улак чаап, атың жок болсо четте тамашага келген сыяктуу, бийликке шайланууга талапкер болбой калбадыкпы.

 

ххх

 

“Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп, ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп, күнгө жылынып отурду.

 

- Торпок улак бекен?- деди Эргеш. Башкаларга карабады. Башкалар бир тең, Алим Сарык бир тең эле. Ичи тарыды. Өлөөрчө кызганды.  

 

- Ой, атаңын көрүо-ой! Алим Сарыкты карагыла!- дегенин угуп итиркейи келди. Ичи тарып, кызганганынан өзүнүн атак-даңкын, улакчылык сыймыгын, адемин унутуп койду. Кыртылдатып тырманып койду.

 

- Ой Эргеш, кирбейсиңби! Чурайыңа колуңду салбай!

 

Эргеш торпок улакты эки колдоп чирене тартып Алим Сарыкты тап жылдырбай турду. Улакка эки колдоп кычкачтай жабышты. Такымга басты. Алим Сарык улакты алдырып жиберди. Эргеш жалгыз чаап жүрдү. Улакчылар аттарынын жалына өбөктөшүп, ооп-жыгылып күлүп жатышты. Энеден туума Эргештин жүзүнө карап (ылдый жагына карагандан коркту), эмне болгонун түшүндү. Эргештин артынан бир гана баягы таятасы жалынып-жалбарып: “Айланайын Эргеш! Катыныңан айланайын Эргеш! Балаңан айланайын Эргеш! Чочогуңан айланайын Эргеш! Бир ашырып кой, бир ашырып кой!”- деп кубалап жүргөнүн көргөн жок...” (Кубатбек Жусубалиевдин “Улакчы” чыгармасынан үзүндү).

 

ххх

 

Бизде да Эргеш улакчыдай шымы жок улак чапкандар, “бир ашырып кой, айланайын”- дегендер көбөйүп кетти. Кыргыз эли Жогорку Кеңештин депутаттарын (Бишкек шаардык кеңешке ж.б.) саясий партиялардын тизмеси менен шайлоодо. Бул учурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча партия лидерлери гана “элдик депутат” болуп, калган тизмедеги депутаттар “саясий партиянын депутаттары”- деп аталышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Акыркы жылдары президент А.Ш.Атамбаев коррупционерлерге карата катуу күрөш жүргүзүп жаткандай түр көрсөтүүдө. Статистикага кайрылсак, коррупция беренеси менен жалаң гана саясий партиянын лидерлерине, Жогорку Кеңештин депутаттарына же саясий партиянын мүчөлөрүнө гана карата кылмыш иштери козголгон. “Калк айтса - калп айтпайт”- дегендей, “коррупция дегенде - саяий партияны түшүнөбүз, саясий партия дегенде коррупцияны түшүнөбүз”,- деп эл айтып жатат. Кечээки 2016-жылдын декабрында оңдолуп-түзөтүлгөн КР Конституциясы партиялык парламентаризмди жоюу менен кабыл алынганда, коррупциянын тамырына балта чабылат эле. Эми саясий партиялар жоголмоюнча өлкөбүздө коррупция жоголбойт. Башка жетишкен демократиялык өлкөлөрдө шайлоонун жыйынтыгында бийликке бир партия келсе, бизде шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийликке беш партия келип, мамлекеттин тамтыгы чыгып, мыйзамдар иштебей, казына тонолунуп жатат.

2000-жылдары ЖогоркуКеңешке бир округдан шайлоого Исхак Масалиев, Абдыганы Эркебаев жана бир тобубуз аттанып калдык. Ал округдан шайлоо жыйынтыгында И.Масалиев өттү, биз менен катар А.Эркебаев өтпөй калды, бирок ошол эле учурда бийликтин күчү менен А.Эркебаев ЖК депутаты болуп калды. Муну айткан себебим – бир мандаттуу округ аркылуу депутатты шайлоодо – чындап эл ичинде кадыр-баркы бар, таза адамдар келип турчу. Ал эми партиялык тизме биринчи жолу 2000-жылы пайда болуп, азыркыга чейин өкүм сүрүп, партиялык тизме негизинде сөз менен айтууга мүмкүн болбогон адамдар депутат болууда.

Азыркы учурда кээ бир аймакта эл көрүп, угуп, билип, азабын тартса да, дагы эле баягы саясий партиянын лидерин же ЖК депутатын президенттик кызматка шайлоо аракетинде. Махмуд Кашгари айткандай: “журтта акмактар көбөйүп, акыл кетти”. Бирок, кыргыз эли кыраакы, дүнүйө таанымы боюнча алдына ат салдырбаган эл. Элдин ичиндеги акылдуулар - эл билармандары элди ойготуп, көздөрүнө кемчиликтерди көрсөтүп, жакшы жолго элди баштайт деген үмүттөбүз.

“Хан ордо -7 Ата” аталыктын сөздөрүн кагазга түшүргөн:

Айтбай Абдыкадыров (байланыш телефону - 0555-305-113)