Бүгүн, 9-июнда, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту «Ата Журт» партиясынын БШКнын үстүнөн жазган арызын карады. 


«Ата Журт» партиясы Жалал-Абаддагы шаардык кеңешке шайлоо учурунда, бир шайлоо аймагында мыйзам одоно бузулганын далилдеп берген. Бирок, БШК ал аймактагы шайлоочулардын саны урнадагы бюллетендердин санынан аз болгондугу ачык көрүнүп турса да, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруудан баш тарткан. Мындан улам аталган партия БШКны сотко берген. 


Болуп өткөн сот отурумунда мыйзамдын башкы сактоочулары болуп эсептелинген судья чечимди БШКНын пайдасына оодарды. 


БШКнын «Бир Бол» партиясынан келген мүчөсү Абдыжапар Бегматов бул жолу да шилекейи оозунан чачыраганча шайлоо жыйынтыгы бурмаланганы кашкайып көрүнүп турса да, актануунун үстүндө болду. Бегматов караны ак деп сайрагыдай, жанына эмне күч келди? Анын жасалма протокол көтөрүп келгени билинип турса да, мыйзам сактоочулары билмексен  болушту. 


Бийликтин тапшырыгын аткарган сот «Ата Журттун» койгон дооматын далилсиз деп тапты. Бул сокурга деле көрүнүп турат, эгер мыйзамга тууралап, акыйкат чечим кабыл алына турган болсо, КСДП бир мандатынан айрылып калмак. Ошондуктан, «унчукпаган үйдөй балээден кутулат» болуп, сот тынч гана бийликтин айтканын орундатууга шашылды. А Абдыжапар Бегматов бүгүн КСДПнын акысыз адвокаты болуп, бийликтин бир ишине жарады. Буйруса, бул үчүн «сыйлык» алса керек. 


Ошентип, бүгүнкү сот КСДПнын кызыкчылыгына ыңгайлашкан чечим менен аяктады.