Эзелтен Бишкек жашыл шаар катары таанылып келген. Көчө боюн көрктөп турган дарактар кимге тоскоолдук жаратууда.
Жакында борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактардын кыйылып баштаганы коомчулукта катуу талкууга алынды. Айрым адамдар ал турмак «Мэр Албек Ибраимовдун эмерек салону бар экен, дарактар ошого керек болуп атыптыр», - деген сөз таратышты.
Бул эми тастыкталбаган маалымат. Бишкек мэриянын дарактарды кыйууда себеби бар. Мекемеден билдиришкендей, жол тыгынын азайтыш үчүн, борбордогу бир катар көчөлөрдөгү 100 дарак кыйылып, автоунаа токтотууга жай түзүлөт.
Бирок, буга макул болбогон жарандык активисттер маалымат жыйынын өткөрүштү.
Айтымдарында, дарактарды кыйып аткандардын эч кандай тийиштүү документтери жок. Алар оозеки көрсөтмө менен эле иштерин аткарып атышат.
Токтоналиев көчөсүнүн жашоочусу Гүлнара Журабаева мэрия дарактар кыйылбайт деп убада берип, кайра аткарбай койгонун айтат.
«Биз Бишкек шаардык мэрияга каршы Башкы прокуратурасына жол куруу эрежеси бузулуп жатканын билдирип, арыз жаздык. Ушундай эле арызды райондор аралык сотко да арыз жаздык» - деди Журабаева.