Президент Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөдү.

 

«2016-жылы Аксы районундагы кыргыз-өзбек чегарасында  кырдаал курчуганда бир катар саясатчылар барышып, жергиликтүү тургундарды жана жарандык активисттерди абалды андан да курчутууга үгүттөшкөн», - деди президент.

 

«Бузуку саясатчылар өлкө ичинде жетиштүү, алар гранттар, же саясий дивиденттер үчүн кайгыдан акча жасап, кырдаалда курчутууга аракеттенишет», - деп белгиледи Атамбаев.