22-майда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районун тургундары ооруканага түшүшкөн. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү, атасы, апасы жана үч баласы болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, үй-бүлө мүчөлөрү тамакка ууланышкан.
Маалыматка караганда, 21-майда эртең менен аталган райондун Охна айылында жашаган үй-бүлө тойго барышкан. Ал жактан кайнатылган этти көтөрүп келишкен. Эт полиэтилен баштыгына салынган. Этти кечинде жеген үй-бүлө мүчөлөрү эртеси, 22-майда саат 06:00 чамасында ичтери ооруп, куса башташкан.
Саат 7:45 чамасында аймактык ооруканага кайрылышкан.
«Учурда алардын абалы канааттандырарлык», - деп билдирди аталган министрлик.