14-май, жекшемби күнү Ош шаарынын Навои сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, сегиз адам жабыркады. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок. Учурда каруселдин кулашы боюнча Ош шаардык милициясы "техникалык каражаттарды колдонуу эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок шаардагы ар кайсы кызматтар карусель кырсыгына тиешеси жоктугун айтышууда. Алгач Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын орун басары К.Раимова каруселдердин жарактуулугун текшерүү алардын милдетине кирбей тургандыгын билдирди. Көрсө, Навои багындагы төрт гектар жерди бардык аттракциондору менен беш жылга 5 миллион сомго Улан Каримбаев аттуу жеке ишкер ижарага алган экен. Кыскасы, аз жерден сегиз адамдын өмүрүнө коркунуч жаралып, денелеринен ар кандай деңгээлде жаракат алган адамдарга ким жооп берери белгисиз болуп турат. Бул окуя дагы бир ирет бизде ишкер, бизнесмен деген атка жамынып алган шылуундар кандай гана жолдор менен болбосун, акча жасоону гана билишип, жоопкерчиликти ойлоп да коюшпагандыгынын кашкайта далилдеп койду. Ал эми тиешелүү текшерүүчү органдар кагаз жүзүндө гана “текшеришет”.

 

Булак: “Майдан.kg гезити