Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана алардын урпактарын Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эми өзүм көргөн бир окуяны силерге айтып берейин, туугандар!

 

Бая күнү телевизордон согуш тууралуу кино көрүп олтуруп, үргүлөп кеткен элем. Түшүмдө пленге түшүп калыптырмын. Эки колум артыма байлануу. Айланамда каскалары калдайган-калдайган, курсактары чандайган-чандайган фашисттер жүрүптүр.

 

Бир маалда алардын э-эң чоңунун чоңу келди да, мага минтип кайрылды:

 

- Жигит, сен айылыңды аябай сагынгандырсың. Давай, пленден убактылуу бошонуу үчүн арыз жазгын. Кол коюп берейин. Айылыңа барып, бир эс алып кел.

 

Мен ага ыраазычылык билгиздим. Ал “Полет” тамекисин тутандырып жатып, жөн-жайымды сурай кетти:

 

- Катын алген белең?

 

- Алгам.

 

- Кимди?

 

- Кызык... тааныгандай сурайсыз да, өзүңүз фашист болуп туруп. Кимди болмок эле, баягы Шатман акенин кызын алгам.

 

- Ага калың-салың бердиңер беле?

 

- Бербегендечи!.. 1 бээ, 1 уй, 1 эшек, 49 штук кой-эчки, 7 тоок жана 97647 сом 61 тыйын бергенбиз.

 

- О-уу, кайнатаң ошонун баарын эмне кылат?! Же “бир жерине” тыгабы?

 

- Э-э, фашист аке, ал киши андан сырткары ачуу басар, сүт акы алган. Бирок, буга да ыраазы болгон эмес. Азыр бизге сыртын салып жүрөт. Бая күнү үйүнүн тушунан өтүп бара жатып салам айтсам, мени атайлап көрмөксөнгө салып, ажаатканасына кирип кетти.

 

Муну укканда фашист ачуусуна чыдабай кыжырланып:

 

- У-у, атасынын оозун урайын. Сенин кайнатаң менден өткөн фашист турбайбы. Аны айоосуз жазалоо керек! – деп тапанчасын кабынан сууруп чыгып, асманды көздөй “Та-арс” эттире атып жиберди эле, мен уйкудан чочуп ойгондум. Телевизордо азыркы кино дале болуп жатыптыр.

 

Тапан МАДЫРАБАШ

Булак: “Майдан kg” гезити