Ыр жазууну жаңы баштаган адамды 80-90 жашта экенине карабай “жаш акын” деп айтышчу, союз мезгилинде. Эстедиңерби? Ооба, ошентишчү.

 

Анын сыңарындай, “Тамчы” гезитинин кожоюну Закиржан Бутаканов жашы алтымыштарга таяп калган кезинде чыгармачылыкты жаңыдан баштап олтурат. Болгондо да сатира жаза баштаптыр, эй. Айрым сатираларын окуп жатып каткырдык. Айтор, жактырдык. Илгеркилер айткандай, келечегинен көптү үмүттөндүрүп койду.

 

Эмесе, Заке, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!    

 

Булак: “Майдан kg” гезити