“Азаттыкка” карата доо арызын кайтаруу тууралуу маалымат бул оң жагдай, бирок, ЖМКлардын сапаты боюнча кырдаалды оңдоо үчүн жазалоо чаралары жетишсиз. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаевдин башкы прокуратурага “Азаттык” радиосуна карата доо арызын кайтаруу сунушуна пикирин билдирүүдө эксперт Марат Токоев айтты.


Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага “Азаттык медиа” мекемесине карата доо арызын кайтарууну кароону сунуштаган.


Өлкөнүн Башкы прокурору тарабынан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамнын алкагында, айрым ЖМКларда КР Президентинин ар-намысына жана абийирине шек келтирген маалыматтарды жарыялоо фактылары боюнча доо арыздары коюлган.


М.Токоевдин айтымында, жыл сайын Кыргызстанда ЖМКлардын катышуусу менен соттук иштердин саны өсүүдө. “Бул норма көптөн бери бар. Бирок буга чейин колдонулган эмес. Жыл сайын моралдык зыян үчүн сумманын көлөмү өсүүдө. Бул журналистиканын сапатына кандай таасир бергендигин айтуу кыйын”, - деп белгиледи М.Токоев.


Эксперт ЖМКнын сапатына билим берүү, жалпы сабаттуулук жана экономика сыяктуу көптөгөн факторлор таасир бере тургандыгын баса белгиледи.


“Бул маселени кыска убакытта чечүүгө болбойт. ЖМКлар жарнаманын эсебинен жашашат, ал эми жарнама экономиканын өнүгүүсүнүн эсебинен. Биз өзгөчө өнүккөн экономикабыз менен мактана албайбыз, мындан улам журналисттерге жарнамалык акча аз эле болуп калат. Ошондой эле, алар жакшы маяна алышат деп айтуу да абдан кыйын. Буга байланыштуу, кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен башка бирөөнү каралоо азгырыгы чоң. Бул дагы журналистиканын сапатына зор таасир берет. Албетте, баары эле буга барышпайт, саналуу журналисттер бар, бирок, алар журналистикага көлөкө түшүрүп жатышат”, - деп билдирди М.Токоев.


Анын айтымында, журналисттердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн ЖМКнын колдоосу жана калктын жалпы сабаттуулугу болушу зарыл.


“ЖМК жарандар менен бийликтин ортосундагы ортомчунун ролун аткарат. Биз теңелип жаткан демократия абдан өнүккөн, ЖМКлар объективдүү жана коомдо оор салмакка ээ өлкөлөрдө сөз эркиндиги боюнча биринчи орундарда, коррупциянын деңгээли боюнча төмөнкү орундарда эсептелет. Бул өлкөлөрдө демейде көпчүлүккө белгилүү адам деген түшүнүк колдонулат. Тактап айтканда, бийлик түзүмдөрүндө турган адамдар ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча сотко сейрек кайрылышат”, - деди М.Токоев.


“Демейде бийликтеги адамдар күчтүү бийликтик укуктарга ээ болсо, анда ЖМКнын көңүл буруусу түрүндө аткаминердин жүрүм-турумуна көзөмөл болушу керек ”,-деп кошумчалады эксперт.


Булак: "Кабар"