Өзгөн районундагы жер көчкү 45 турак-жайды, мечитти жана акушердик пункту басып калды.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 10-майда Курбу-Таш жана Маркс Жалпак-Таш айылдарында жер көчкү жүргөн. Ал 45 турак-жайды, акушердик пункту, мечитти, 35 электр түркүктөрүн жана айылдык көрүстөндү басып калган.

 

Жер көчкүнүн жылышы туруктуу көзөмөлдөө болууда.