Москвадагы миграциялык долбоорлор менен иш алып барган “Утро мира” укук коргоо уюму Орусияда кыргызстандык мигранттар күч органдарынын кысымына кабылып жатканын билдирип чыкты.


Өзбекстандык укук коргоочу, Москвадагы “Утро мира” уюмунун жетекчиси Валентина Чупик Фейсбуктагы баракчасына полиция кыргызстандык мигранттарды жапырт текшерип, мыйзамсыз камап жатканын жазган. Анын маалыматына ылайык, 19-апрелде Москвада Калыбек Абдылда уулу, Бактыбек Адылбеков, Зайнабидин Арапов, Комрон Давлетов, Сыргакбек Досумканов, Сирожидин Зайнидинов жана Давронбек Эргашов аттуу кыргыз жарандары "бейбаштык" беренеси менен он күн камалып чыккандан кийин күч кызматкерлери тарабынан кайрадан кармалган.

 

Бирок Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова мигранттар жапырт кармоого дуушар болуп жатат деген маалыматты четке какты. Орусияда укук коргоо органдары пландуу текшерүүлөрдү өткөрүп жатканын белгилеген элчиликтин өкүлү укук коргоочу жогоруда атаган жарандар миграциялык мыйзам бузган дейт.

 

- Теракттардан кийин кыргыз мигранттарына, дегеле борборазиялыктарга текшерүүлөр күчөдү деп коомчулукта, социалдык тармактарда айтылып жаткан сөздөргө кошула албайм. Мындай рейддер, иш-чаралар укук коргоо органдары тарабынан дайыма эле болуп келет. Ай сайын бардык мигранттарды текшерип турушат. Анан алардан мыйзам бузууларды табышат. Биз мигранттарга дайыма кайрылып, документтериңерди мыйзамдуу алып жүргүлө деп айтып келатабыз.

 

Апрелдин башында Санкт-Петербургда 16 кишинин өмүрүн алган жардыруудан соң Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. Айрыкча кыргыз паспортун көтөрүп жүргөндөргө көзөмөл күчөгөнүн кыргыз мигранттары өздөрү социалдык сайттарга жазышууда.