Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү болду. Ага согушта курман болгон жана андан кайтып келген, бирок, учурда арабызда жок ардагерлердин сүрөттөрүн урпактары көтөрүп чыгышты.
Акцияга жалпысынан 30 миңге жакын адам катышты.
Экс-премьер-министр Темир Сариев жүрүшкө чоң атасы Казак Сариевдин сүрөтүн көтөрүп чыкты.
Казак Сариев 1939-жылы аскерге чакырылып, согуш башталганда Советтик армиянын катарына кошулган.
Согуш аяктагандан кийин андан кат-кабар болбогондуктан, дайынсыз кеткендерге кошулган.