Гүлбара Барыктабасова, жарандык активист: 

 

- Баардык саясий партиялар шайлоонун алдында элди ар кандай жол менен алдаганга өтөт. Бул сыр деле эмес, баарыбызга белгилүү. Мен муну эмнеге айтып айтып жатам. Маселен, 2017-жылдын 17-январында эмне болгонун баарыңыздар жакшы билесиздер. Дача-Сууда учак кулап эмне болгонун. Мамлекет жана мамлекеттик бийликке караганда жарандык коом биригип, беш-алты адамдан турган координациялык кеңеш түзүп, натыйжалуу иш алып барганбыз. Мен координациялык кеңештин мүчөсү элем. Мен муну менен саясатчыларга кайрылып кетет элем. Оор жоготуу болуп жатса, “ким эмне дейт, ким-ким менен жолугат”- деп отурасыздар. Мен үчүн 25 жыл жетиштүү болду. Эми мындан ары күчтүү идеяларды ортого салып, балдарыбыздын келечеги үчүн карапайым эл үчүн биригиңиздер. “Кырылып барып бириккен, кыргыздан кыйын калк жок”- деп Манас эпосунда айтылган. Кырылып качанкыга чейин барабыз. Котур ташты коюндан алып бириккиле, күч болгула!

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

Булак: “Майдан.kg” гезити