Жогорку Кеңештин  депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн, 6-апрелдеги парламент жыйынында өкмөткө кайрылып, журналист Эрнис Кыязовдун коркутуу фактысын укук коргоо органдары текшерип чыгуусун сурады.


Ал билдиргендей, маданият ишмерлери, журналисттер кээде ар кыл саясий окуялар боюнча оюн айтат. Алардын катарында Эрнис Кыязов дагы президенттин, өкмөттүн дарегине сын айтат.


«ЖМК ага басым көрсөтүлүп, коркутуу болгон тууралуу айтылууда. Ошондой эле, анын социалдык тармактарга жайгаштырган эмгектерин өчүрүп салуу болуп жатыптыр. Бул канчалык чын экенин мен айта албайм, ошондуктан өкмөттөн бул фактыны текшерүүнү укук коргоо органдарына тапшырууну өтүнөм», — деди депутат Садык Шер-Нияз.     


Эске сала кетсек, 5-апрелде Эрнис Кыязов фейсбуктагы баракчасын белгисиз адамдар түнүчүндө короосуна чейин кирип келип, жакалап коркутуп үркүткөнүн жазган.


Булак: "Марал"