Түшүндүрмө сөздүк

 

Сарпай – кудаалар бири-бирин эч жылчык койбой ороп-чулгап, капустага айландыруу.

 

Сүт акы – кызынын ымыркай кезиндеги ичкен сүтүн кудаасынан кустуруп алуу.

 

Кыз кууду – күйөөгө качып кеткен кайын сиңдисинин артынан азоо аттай булкунуп-жулкунуп кууп барып, чүпүрөк-сүпүрөккө ээ болгондо жоошуган жеңенин сапары.

 

Сеп – турмушка чыккан кыздын мотору жана запчасттык бөлүкчөлөрү.

   

Турмушта далилденген макалдар

 “

Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү”.

Мергенбайдын кызы чолок этегинен аппак сандарын бултаңдатып койду эле, Жулкунбайдын баласы жулкунуп, үйлөнгүчө шашты.

 

***

 “Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста”

Ал бейтааныш кызга өзүн маданияттуу, адептүү көрсөтүү үчүн адегенде сылык-сыпаа сүйлөп олтурган. Аңгыча, чыдабай кетип, кыздын аппак бетинен “чоп” эттире өөп алды эле, кыз болсо, “скатина” деп сөгүп, шиш такасы менен тээп жиберди.

 

***

 “Өрдөк жокто чулдук бий”

Начальниги курортко кеткенден кийин, машинистка кызды орунбасар тооруй баштады.

 

***

 “Өткөн ишке өкүнбө”.

Секратаршасын машинасына салып алып, токойду көздөй “зуулдап” бара жаткан начальнигин көргөн кошоматчы өзүнүн аял болуп жаралбай калганына өкүнүп, ата-энесине нааразы болду.

 

***

“Алган эри жарашса, кара катын акболот”

Тургунбектин кара тору кызы бай жигитке турмушка чыккандан кийин беттерин ак түскө бойоп алды. Бирок, кулактары кап-кара бойдон калды.

 

***

 “Мастан жинди качып кутулуптур”.

Көчөдө ызырынып, көрүнгөнгө букадай сүйкөнүп, сөгүнүп келе жаткан масты көрөөрү менен милиционер качып жөнөдү.

   

“Кыргыз тилинин” сөздүгү

 

Үндүү тыбыш – күйөөсүнөн токмок жеп ыйлап жаткан аял.

 

Үнсүз тыбыш – тымызын былгытып койгон кыйтыр киши.

 

Каткалаң тыбыш – тайманбастан ата-энесине каяша айткан “баатыр” жигит.

 

Жумшак тыбыш – жетекчисинин алдында сүрдөп, акырын сүйлөп олтурган кызматкер.

    

Жаңы китеп

 

 “Укум-тукумдуу Туратбек”. Автору – Эмил Туратбеков. Редактору – Жалил Туратбеков. Сүрөтчүсү – Калил Туратбеков. Корректору – Азим Туратбеков. Спонсору – “Таяке” фирмасы. Размери – 88-99. Баасы – атаңдын башынча.

 

Түзөтүү

 

Жыйнактын автору “Аскарбек Чамаев” эмес, “Чама Аскарбеков” болуп окулсун. Эгер бул китепти чындап эле окуп калсаңыздар, эң акыркы бетинен баштап барактасаңыздар болот.

 

Лирикалык чыгармадан үзүндү

 

Бийлеп жаткан учурда кыз жигиттин бутунун бармагын шиш такасы менен басып алды эле, а жигит көздөрүнөн буурчактап жаш куюлуп кеткенине карабай жылмайды”.

 

Жаш арстан

 

Ал үйлөнө элек кезинде кыздын алдында бөжөктөй бөжүрөөчү эле. Эми болсо, арстандай күркүрөөчү болду.

 

 “Чыныгы” баатыр

 

Кечинде коноктор кеткенден кийин “Чоң казат” башталды. Ал аялы менен “баатырларча” салгылашып, өзүнүн тайманбастыгын жана эрдигин көрсөттү.

 

Согуш

 

Кечээ күнү Айнаш абысыны Сүйүнгүлгө жарыялабай туруп кол салды. Ошол замат Сүйүнгүл да чабуулга жооп кайтарып, Айнаштын бир нече ушагын туткунга түшүрүп алды.

Ушул учурда экөө тең согуштук баазаларын чыңдашып, күйөөлөрүн ремонттоп жатышат.

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg”