Азыркыга чейин жүктүн ээси ким экендиги белгисиз учак Дача Су айылына кулап, 40 адамдын өмүрү кыйылгандан соң бийлик жок дегенде мындан ары бул “бөтөн планеталыктар” жашаган айылдын тагдырын чечет деп ишенгенбиз. Анткени өкмөттүн 1-вице-премьер-министри М.Абулгазиев “Айылдыктар башка жакка көчүрүлүп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө эл аралык эрежеге ылайык кенемте төлөп берилет”,- деп убада берген болчу. Бул аралыкта эл, чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз (бийлик эмес) атайын ачылган эсепке 100 млн. сомго жакын накталай акча топтоп жиберишти. Ал эми өкмөттүн ар бир маркумдардын үй-бүлөсүнө берген 70 миң сому алардын тажиясына бир кара мал союуга араң жетет эмеспи. Президент, Жогорку Кеңеш да ушунча суммада жардам беребиз деп жарыя кылган менен ал каражатты берген-бербегени белгисиз. Бирок биздин бийликтин ал сөздөрү адаттагыдай эле ишке ашпаган калп убадалары болгон экен. Анткени жогорудагы элден чогулган 100 млн. сом айылдыктарга берилбей (убакыт өтүп, бербей деле коюшу мүмкүн), ал тургай башка жактан жер тилкесин берүү маселеси да чечилбей жатыптыр. Ошондуктан “лохотрондон” алдангандай абалда калган, өз мамлекетинде туруп, шайлоодо добуш берүүдөн башка эч нерсеге кереги жоктугуна ынанган дача-суулуктар кечээ митингге чыгышты. Себеби алар күн сайын үстүнөн самолет учканда жүрөгү түшүп, тозокко кирип-чыккандай болушууда...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.