Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, автоунаа сүзгөн эки жөө жүргүнчүнүн бири ошол жерден мерт кеткен.

 

Окуя 20-ноябрдын кечке маалында болгон. “Ауди-80” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эки жөө жүргүнчүнүн атайын белгиден өткөрбөй сүзүп кеткен. Анын бири ошол жерден каза тапкан. Жол кырсыгына айыптуу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бир канча убакыттан кийин гана патрулдук милиция кызматкерлери автоунааны табышкан, бирок айдоочу тартип сакчыларынын талабына моюн сунган эмес. Ошондуктан, милиционерлер табелдик куралды пайдаланып, шектүүнүн автоунаасына үч жолу ок чыгарышкан. Ошондон кийин гана айдоочу ыкка келип, машинасын токтоткон. Ал жаран Искра айылынын тургуну болуп чыккан. Окуя болгон учурда анын мас абалында болгондугу аныкталган.