Калың жааган кардан улам акыркы үч күндөн бери Астанада температура кескин түшүп кетип, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге суроо-талап көбөйдү.

«Чынында эле убагынан эрте температуранын аномалдуу түрдө кескин төмөндөөсүнөн улам, күйүүчү майларды колдонуу көбөйүүдө. Учурда май куйуучу жайларга АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди жеткирүүнү колго алдык», -деп жазат Астананын акими өзүнүн Facebook баракчасына.

 

Аткаминер ошондой эле АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литринин баасы 130-135 теңгенин тегерегинде сакталып жатканын билдирди. Ал кырдаал «Казмунайгаз» компаниясынын жана Астана акимчилигинин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Бензин тартыштыгы жөнүндө Астана жашоочулары социалдык түйүндөрдө билдиришкен.