П.Порошенко

 

Эмнегедир акыркы кезде Кыргызстан, Конституциянын жоголгон түп нускасы жана президентибиз А.Атамбаевдин ысымы ар кандай эле аралык деңгээлдеги азил-тамашаларга да аралашып калууда. Орусиялык телеканалдардын бири жоголгон Баш мыйзамыбыздын түп нускасы тууралуу какшыктаган видеотасма даярдап, ал youtube.com социалдык тармагы аркылуу дүйнө жүзүнө тарады. Бул окуяга улай эле президентибиздин украин президенти П.Порошенко менен телефондук сүйлөшүүсү жарыяланып кетти. Анда украин-кыргыз мамилелеринин талкууланганы жазылган. Тараптар саясий диалогду бардык деңгээлде жандандыруу, андан тышкары соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешкен. Билдирүүдө Порошенко жана  Атамбаев Орусия киргизген транзиттик чектөөлөрдүн айынан украин товарларын Кыргызстанга жеткирүүдөгү маселелерди талкуулап, бул маселени чечүүнүн башка жолдорун караштырганы да айтылган. Бирок кыргыз тарап бул маалыматты жокко чыгарды. Президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С.Исаковдун айтымында, украин лидерин кимдир бирөө тамаша кылган болушу ыктымал. Эмнеге дал биздин президенттин атынан чалып тамашалаганы кызык болууда.

 

Балашка

 

Журналист Ж.Акаев бийликтин КСДП партиясынын тизмеси менен депутаттык мандатка жетиши чындыгында өзү үчүн да күтүлбөстүк болгон. Анткени өзгөчө өткөн жылдагы шайлоодо ар бир добуш беш миң сомго чейин бааланып, бизнеси же миллиондогон акчасы жок катардагы журналист түшкө кирбегендей карьера жасашы “бекер” болбойт болчу. Албетте, ал бийликтин короосуна киргендиги үчүн аларга “кызмат” кылып берүүгө тийиш эле. Бирок саясат талаасына кимдир-бирөөлөрдүн колдоосу менен келип калган кесиптешибиз алгач кызуулукка алдырып, дин аалымы Ч.Жалилов менен “эрөөлгө” чыгып, бир аз кадырын да кетирип алган жайы бар. Ким билет, ушул коомчулук алдындагы катачылыктарын оңдоюн дедиби же бийликтен чындап эле көңүлү калдыбы, айтор бир жактуу маалымат берип, оппозицияны шыбаган кесиптештерин сынга алган. Баарынан да Жанардын “Азыркылардын иштөөсүнө Акаев менен Бакиев кандай тоскоолдук кылып жатат?”,- дегени элге жаккан. Бирок бул сөз президент А.Атамбаевге безге сайгандай тийиптир. Себеби өткөндө басма сөз күнүнө карата “мыкты” журналисттерге сыйлык тапшырып жатып, адаттагысындай эле “Балашка билбейт окшойт, анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз”,- деп балп эттирди. “Аташканын” сөзүнө жооп кылып, “балашка” падышалар тууралуу ырды жарыялады. Кыскасы, бийликтеги “аташкалар” менен “балашкалардын” ынтымагы ыдырады...

 

Исфана

 

Кыргызстандын эң четки аймагы болгон Лейлек району бир гана өлкөбүздүн дарбазасы эмес, контрабандалык жүктөрдү кошуна мамлекетке ташып өткөрүүчү жол да болуп саналат. Башкасын айтпаганда да күн сайын ондогон 40-50 тонналык күйүүчү май жүктөгөн Хово машиналар Тажикстанга өтүп турат. Бул “бизнестин” артында жогору жактагы таасирдүү адамдар тургандыктан, аны эч ким токтото албай келет. Кайра жергиликтүү жетекчилер чек арага коштоп жеткирип турушат. Бул оор салмактагы машиналар асфальт жолдорду жемирип, көптөгөн аварияларга себепчи болуп жаткандыгын айтып, жаза берип, журналисттердин оозу ооруп, колу жооругандай эле болду. Баарынан да өткөн жумада 20 тонна күйүүчү май менен бир машина Исфананын борборунда “ала качып”, (тормозу иштебей) 15 машинаны тебелеши жана 5-6 адам жабыр тартышы жүрөктүн үшүн алды. Дагы Кудай жалгап адам өмүрү кыйылбады. Ошол бейшемби күнү мал базар болгондуктан, жол четинде эл да көп эле. Бир чакырымдай барган машина борбордук базарга жеткенде капталынан оодарылып, кара майы жерге төгүлгөн. Болбосо, базарга кирип кетип, бир топ адамдарды басып кетмек экен.

 

Өрт

 

5-ноябрь, ишемби күнү чак түштө (саат 13тө) Бишкектин асманын коюу кара түтүн каптады. Алдын ала маалымат боюнча, Л. Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мотор майын сактоочу жай менен курулуш материалдарын чыгаруучу цехтен өрт чыккан. Тилекке каршы тилсиз жоо тууралуу кабар ӨКМге ошол замат эле билдирилип, алар жетип барышкан менен, алты саат боюу жалынды өчүрө алышкан жок. Ал тургай министр К. Боронов кырдаалды өзү көзөмөлдөп, 80ге жакын өрт өчүргүч машина тартылгандыгы да тилсиз жоону ооздуктай албады. Өрт өчүргүчтөр бул жагдайды мотор майы суу чачканда өчпөй эле, кайра жалын күч алары менен түшүндүрүштү. Анткени ага порошок түрүндөгү атайын суюктук чачыш керек экен. Сыягы, бизде ушул майды өчүрө турган порошок да жок окшойт. Азырынча ким, канча суммада зыян тарткандыгы белгисиз. Бирок түнү боюу түтүн токтобогондугуна караганда, дагы бирөөнүн шору кайнады окшойт. Эмнеси болсо да биз жада калса өрт өчүргөнгө да жетише элек деңгээлде экенбиз. Анда эмнеге миллиондогон сом акчаларды чачып, дүйнөнү дүңгүрөтүп той беребиз? Биздин бийлик башындагылар ушундай аш-тойдон арзан кадыр-барк топтогондон көрө, жалпы элдин камын качан көрөт?

 

№61 мектеп

 

Бишкек шаарындагы мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү акыркы мезгилде басаңдабай эле, кайра күч алууда. №61 мектеп-лийейдеги абал ал тургай депутат Т. Икрамов тарабынан парламентте каралган болчу. Анда жабыркаган окуучунун апасы окуянын башаты мугалимдин кир жууган машинаны сатып берүү сунушу ата-энелер комитети тарабынан четке кагылгандан башталганын айтып, учурда мектеп жетекчилиги окуучуну мектептен чыгарып салууга аракеттенип жатканын билдирген. Ал ортодо №61 мектеп-лицейинин жетекчилиги айтылгандарды четке кагып, 2-класстын окуучусуна мугалим кол көтөрбөгөнүнө, мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар жок экенине ишендирүүдө. Көрсө, депутат тууганынын баласын албай койгондугу үчүн гана мектеп дирекциясынан өч алып жаткан имиш.  Журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Анатольевна мектептин окуучусун уруп, анын ден соолугуна зыян келтиргендиги белгилүү болууда. Маселенин бардыгы Мугалимдер күнүнөн башталып, класс жетекчи ата-энелерден 25 миң сомдук кир жуучу машинаны алып берүүнү талап кылгандан чыгыптыр. Эми биздин оппозицияны кыйшык баскандыгы үчүн баса калып, камап койчу укук коргоо органдары бул окуяга кандай мамиле жасайт болду экен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.