– «Розыгрыш» уюштургандар өтө эле аша чаап кетти» деген пикир коомчулук ичинде талашсыз эле кабыл алынып, аны моюндаган уюштуруучулар кечирим сурап жатышат. Мен деле ошондой ойдомун. Бирок, “Супер-Инфонун” кожоюндарынын “биз менен макулдашпай өз билгендерин кылышыптыр, ошон үчүн жумуштан айдап жибердик, мага десе бышырып жегиле” дегенсип четке чыга берип, кутулуп кетебиз деген аракети туура эмес. Канткен күндө да бул иш “Супер Инфонун” расмий кызматкерлери тарабынан анын маркасы астында жасалды да. Андыктан, уюштуруучулардын билип-билбей кылышканына жоопкерчилик жоюлуп, башка бир тарапка ооп кетпейт. Аны кеч болсо да түшүнүп, кечирим сурашкандары туура болду. Эми жабырлануучу тараптын алдына түшүп, моралдык, материалдык чыгымдарын моюндашы керек. Ал эми, жабырлануучу тарап, Укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш иши козголуп, компетенттүү органдар териштирип жаткандыгына байланыштуу бул маселени Байкоочу Кеңештин жыйынында кароонун зарылчылыгы деле жок деп ойлойм.

– Байкоочу Кеңеш тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда. Таптакыр «бестолковый» болуп калды(!) деген пикирлер да бар, «эң сонун иштеп жатабыз, билбегендер сүйлөй беришет» дегендер да жок эмес. Сиз кандай пикирдесиз?

– Байкоочу Кеңештин атына айтылып жаткан сын-пикирлер жөн жерден чыгып жаткан жок. Негиздүү айтылган сынды туура кабыл алып, андан жыйынтык чыгарууга үйрөнө албай, «күзгүнү тээп» жаткандарыбыз бар экенин мен мойнума алам. Мыйзам чегинде, бүгүнкү күндө Коомдук каналдын үстүнөн караган Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнөн башка эч кандай жетекчилик жок. Тилекке каршы, ошону толук кандуу түшүнүп, жоопкерчиликти моюнга алуунун ордуна, баштагыдай эле кылчактап, «баары бир, бийликтегилер, Ак үйдөгүлөр чечет» дегенден арыла албай жаткандайбыз.  КТР «кара жащик» аталып, акты кара деп, элди алдап, калпты шыпыртып калгандан кутулуш үчүн, коомдук каналга айландыруу маселеси келип чыкканын таптакыр моюндагысы келбей, БКдагы 15 адамды башкарма кылып, багын ачыш үчүн, теленин бетин жаркыратып сүртүп, дикторлордун оозун жакшылап боёп, сулуулап коюш үчүн гана түзүлгөнсүп жүргөндөр да жок эмес. Мыйзамды окубай, иштин чоо- жайын түшүнө албай, күлкү келээрлик суроолорду берип, убакытты алып, БКнын жыйынын ликбезге айландырып аткандар, кырдаалдан жеке пайда гана көздөп жүргөндөр, Кубат Оторбаевге адвокат болуп алгандар ж. б. кемчилдикке чалдыккандар бар. Ошондуктан, бизде ички талаш-тартыштар ар дайым болуп турат. БКда «талаштан тажадык, тынчтанып, оокат кылбайлыбы» дегендер көпчүлүктү түзөт. Мен болсо, БКдагы талаш-тартышты жакшы нерсе катары, керек болсо, БКнын жападан жалгыз позитивдүү сапаты катары баалайм. Себеби, талаштан тактык жаралат эмеспи.

– Анда маселеге конкреттүүрөөк кайрылалы. Акыркы каралган маселелерден мисал келтире аласызбы?

– Өткөндө, жаштар редакциясы, коллективдүү арыз менен БКга кайрылып, редакцияларындагы коррупциялык маселени көтөрүп чыгышканда айрым БК мүчөлөрү, башкы директор менен бирге маселени сыртка чыгарбай тынчытууну сунушташты. Бир ай ары чоюп, бери чоюп, ызы-чуу болуп, аягында, араң дегенде Прокуратурага жөнөтүп тим болдук. БКнын айрым мүчөлөрү Кубат Оторбаевди колдойбуз деп жатып, БКнын аброюн таптакыр түшүрүп салышты. Башкы директор эч кимди көзгө илбей, БКнын мүчөлөрүнүн көзүнчө жаштарга сөөмөйүн кезеп жатса да, эскертүү бере албай калган деңгээлге жеттик.  Дагы бир мисал келтирейин, БКнын бир мүчөсүнө, «бизди шайлаган ЖК, бизди көрсөткөн фракциялар, коомдук уюмдар, президент бизге ишеним көрсөттү, эми алардын биздин ишибизге кийлигишкенге эч акысы жок, биз КТРКда толук кандуу башкаруучулук жүргүзүп, ишенимди акташыбыз керек, болбосо уят болобуз» десем, мага: «Ээй Сабыр, буга чейин деле Ак үй чечкен, эми деле ошолор чечет, алар керек болсо Кубаттын колун бурап туруп арыз жаздырып, ордуна каалаган адамдарын коюп алат» десе болобу! Ал эжеке, алар Кубаттан ошентип арыз жаздырса да, акырында, «мына арызын жаздырдык, бошотуп бергилечи» деп БКга кайрылаарын билбегенден кийин эмнени айтууга болот. Анан ошондой шарттарды мыкты колдонгон бийликтегилер бүгүн чындап эле БКны каалагандай айдап жатышат. БКнын мүчөлөрү болбогон бир майда нерселерге алданып, натыйжада БКнын кадыр-баркы кескин төмөндөп кеткени чын.

– Коомдук пикирди танбай моюндаганыңызга рахмат. Эми минтип иш жылбай, майнап чыкпай жатса эмне кыласыз? Кандай оюңуз бар?

– Ал жерде мен жалгыз эмесмин. Прогрессивдүү адамдар бар. Убакыттын өтүшү менен калгандары да эсине келет деген үмүт.  Негизи, мен ал жердеги өзүмдүн милдетим катары «КТРКнын кайрадан «кара жащикке» айланып, акты кара деп, бир жактуулукка жол берилип, карандай калпты шыпыртып калуусуна жол бербөө» деп билем. Мен үчүн андан ашкан маселе жок. БК ушул маселеде бекем тура албаса анда, башка кылгандары бир тыйынга арзыбай калаарын сезиш керек. Болбосо... Ооба, эфирдин сапаты, көркөмдүгү, көрөрмандарга жагымдуулугу, коомго пайдасы, ж.б.у. с. маанилүү маселелер бар. Бирок алар коомдун өнүгүү деңгээлине, каражатка карата өсүп-өнүп, бара-бара өз ордун таба турган маселелер болгон үчүн, бүгүнкү күндө, мен үчүн анча маанилүү эмес. Анан ошол экинчи пландагы маселе менен гана алектенип, негизги милдетти унутта калтыруу, бул деген, бери дегенде «көз будамайлоо», иштеп жатканды иммитациялоо» десек болот.  

– Учурдагы саясый кырдаалга кайрылсак. Камактагы «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди бошотобуз деп жатып, кайра артка кеткен Прокуратуранын кадамын кандай баалайсыз?

– «Жинди деп справка берип, чыгарып жиберели» дешип, анан, Камчыбек Ташиев түрмөдөн чыккандан кийин «мен жинди эмесмин» десе, эл бизге ишенбей, бетибиз түгөнөт” дешти окшойт. Бул идеяны чыгарган адам эр экен эй, ичинен туруп, бийликтин ит-акмагын чыгарып салды. Камчыбек Ташиев узакка чейин түрмөгө жатса, бийлик үчүн баш оору ошончолук ырбап, маселе татаалдашканы татаалдашкан. Бийликке каршы пикирлер ушундай, ырбаак маселелерге тартылып, ошонун айланасына акумулировать эте берет да, бир күнү бышып, жетилип контролдон чыгып, стабилдүүлүктү бузуп кетет. Бул маселени тез арада бир жаңсыл кылбай, бийлик от менен ойноодо десек болот. Камчы Ташиев менен Садыр Жапаровдун колдоочулары эс алып алып кайтадан нааразычылык акциясын баштабайт деп ким кепилдик бере алат. Алар, сот процесстеринин «көркүн» чыгарып, нааразычылыктын очогуна айланаарында шек жок.

– Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу тууралуу эмне айта аласыз? Бир ооз сөз менен.

– Күткөндөгүгө караганда өтө эле пассивдүү өтүп жаткандай. Дээрлик баардык партиялар «КСДП администрациялык ресурсту катуу колдонот» деп турушат. «Мыйзам одоно бузулуп, добуштар уурдалып, шайлоонун жыйынтыктары бурмаланса, биргелешип нааразычылык акцияларын уюштуралы» деген сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Шайлоочулар менен тыгыз байланышта иштеп, КСДПдан калган-каткан добуштарды жыйнап алсак эле жетет», дегендей аракеттер менен алектенип жаткандар да бир топ. Алардын жүрөгүн «бизге берилген добуштарды пачкеси менен башкалардыкына кошуп салбаса экен» деген суроо өйүп турат. «Шайлоо тигиндей-мындай аяктайт» деп, көзү ачыктык кылгым келбейт. 10 күндөн азыраак убакыт калды, күтө турсак жообу өзү келет.

– Акыркы суроом. Бир топ убакыттан бери, «Учур» гезитине чыгып жүргөн «Карышкыр сай» рубрикасы –  сиздин аналитикалык макалаларыңыз чыкпай калды. Эмне болду? Жазбай калдыңызбы? Чарчадыңызбы?

– Жок. Жазып эле жатам, www. vb.kg сайтынан окусаңыз болот.

– Ал “Вечерний Бишкек” сайты орусча да. Эмне, орусча жаза баштадыңызбы?

- Ал сайтта “Кабар Ордо” деген кыргызча бөлүк бар. Анан негизги беттен блогдорду ачсаңыз, ал жерде менин кыргызча макалаларымды окуй аласыз.


 “Асман press”.