Айтымында, бийлик жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аткаминерлерине бир партиянын пайдасына үгүттөө тапшырмасын берген эмес. «Шайлоо процессине таасир эткендер жазаланат деп айтып да атабыз. Өзгөчө шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылган саясатчыларга карата өкмөт саясый чечим чыгарат. Шайлоодон кийин андай адамдар жоопкерчиликке тартылат».

Турак жай төрагалары маалымдагандай, айрым саясый партиялар, айрыкча «Республика» уялбастан, шайлоочулардын добушун сатып алып, аз камсыздалган адамдарга ун, гречка таратып жүрөт.

 

24.kg