Алардын маалыматына караганда, «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасында 80 кызматкер эмгектенишсе, «Шарбон» ЖАК көмүр казган мекемесинде 100дөн ашык кызматкер эмгектенет. «Кара-Кече» ижарага 4 экскаватор, 1 чоң экскаватор, 2 бульдозер, 1 погрузчик жана 10 ново алып иштетип келишет, ал эми «Шарбон» ишканасында 1 чоң экскаватор, 2 экскаватор, 2 бульдозер, погрузчик ж.б майда кичи техникалары менен иш алып барып келишет.

1 суткада 25-30 тонналык 50дөн ашык унаа көмүр ташып чыгышат, жалпы эмгектенген кызматкерлердин эмгек акылары 15 миңден кем эмес.

Азыр «Кара-Кече» көмүр кенинде 500 млн тонна запас бар, «Шарбондо» учурда берилген пландын 80% иштерин аткарганга жетишти.
 

Баракелде